Убактылуу кармоочу жайдагы тамак-аш тартыштыгы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абадда камакта отургандар тамак-аштын сапатсыз экенине даттанууда. Мындай билдирүүнү укук коргочулар убактылуу кармоочу жайды текшерип чыгышкан соң айтып чыгышты. Тамак-аш менен камсыздоону мэрия өз милдетине алган. Бирок келерки жылдан баштап, аны шаар бюджетинен каржылоону токтотуу максатында өкмөткө атайын кат жолдогонун шаар башчысы билдирди.