Бокс боюнча өлкө чемпионаты

30-октябрда жарым финалдык беттештер болуп өттү.  

 Эркектер арасында 10 медал топтому ойнотулат. Кыз-келиндер төрт салмак ченинде күч сынашууда.

Назира Рахатова, бокс калысы

Спорт чеберлигине талапкер Жалал-Абад шаарынан келген Муптохиддин  Азимов (солдо) жана Нарын облусунун намысын коргогон спорт чеберлигине талапкер Жаныбек уулу Дыйкан (оңдо.)

Бокс эрежесине ылайык жарым финалда утулгандар коло байгени автоматтык түрдө алышат. Жеңишке жетишкендери 31-октябрда алтын байге үчүн күчтөрүн сынашат. 

Бул мелдешке бокс ышкыбоздорунун эл аралык ассоциациясы тарабынан (AIBA) жарыяланган 15-октябрдагы дүйнөлүк рейтингде 10 мыкты мушкердин катарына киришкен Эрмек Сакенов, Өмүрбек Малабеков, Азат Усеналиев жана 17-Азия оюндарынын коло байгесин уткан Турат Осмонов катышкан жок.

Эрмек Сакенов дүйнөлүк рейтингде 4-орунда жайгашкан. Жаңы рейтингде өз салмактарында Азат Усеналиев сегизинчи ал эми Өмүрбек Малабеков тогузунчу катардан орун алышкан. Аталган эки мушкер бүткүл дүйнөлүк бокс сериясындагы таймаштарга катыша тургандыктан бул өлкө биринчилигинен бошотулган.

49 кг. салмакта жарым финалда Мирлан Түркбай уулу (кызыл кийимчен) - Ислан Сергек уулу (көк кийимчен) таймашууда. 

Чемпиондуктун жыйынтыгы менен улуттук курамага кире турган мушкерлердин тизмеси такталат.

49 кг. салмакта жарым финалдын жеңүүчүсү Мирлан Туркбай уулу машыктыруучусу менен.