Белгилүүлөр бейнеси көргөзмөдө

Бул долбоорду ишке ашырууга 3 ай убакыт сарпталган. Азырынча эмгектердин ээси жок. Кааласа автор, кааласа каарман алып кете алат. Музейге да өткөрүп берүүнү каалагандар жок эмес.

Портрет тарткан сүрөтчүлөргө эч кандай калем акы төлөнбөйт. Баары өз ыктыяры менен иштегендер.

Куудул Күмөндөр Абылов өзүн портреттен көрүп суктанып жаткан кербези.

Бир канча өнөр адамынын бюсту, айкели да жасалган. Бирок көбүнчөсү портреттер.

Теле алып баруучу Нурзат Токтосунова гипстен жасалган өз бюсту менен.

Көргөзмөгө депутаттар баштаган калың эл келди.

Көргөзмөгө келгендер көңүлүнөн чыгарып көрүндүк таштап жатышты.

"Бейне" долбоорунун автору Тынчтыкбек Кожобеков. Ал акчасы жок эле жакшы иш жасаса болот деп ишенет жана иш жүзүндө далилдөөгө ашыгарын айтты.