Болгажанова:Чүмкөнгөн кызым чүнчүттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

60 жаштагы Бишкек тургуну Ольга Болгажанова вахабизм идеологиясына кирген кызынан буга чейин көргөн кордуктарын айтып берүүдө. Анын айтымында, 40ка таяп калган кызы баласына дем салдырып жүрүп Жумгалбек Байбосов аттуу молдо менен таанышат. Көп убакыт өтпөй нике кыйдырып алышат. Ошентип Ольга айымдын кызы хижап кийип, намаз окуй баштаганы энесин кысымга ала баштайт.