Ээнсиреген айылдагы турмуш

Бул аймакта көмүр өндүрүү 1868- жылдары башталып, негизинен шахтерлор отурукташкан.

СССР мезгилинде Сүлүктү шаар аймагынан жылына 1 млн. тоннага чейин көмүр өндүрүлүп, Орто Азиянын очогу аталган.

Айылдын эки жерине насос менен суу жеткирилип, чоң идиштерге толтурулат.

Учурда бул айылды аралап өткөн темир жол пайдалануудан калып, жумушсуздуктан улам 300 кожолук башка жактарга көчүп кетишкен.

Айыл тургундары эшек менен жөө-жалаңдап ичкенге суу ташып алышат. Айдоо жерлери жок.

Союз маалында Кольцо айылы республикалык камсыздоодо болуп, темир жол станциясынын айланасында 400 кожолук жумушчулар жашап турган.

Айылда бир-эки мал-жандык кармагандан башка киреше жок.

Жаштар негизинен жумуш издеп башка аймактарга, чет өлкөлөргө кетишет. Айылда ээн калган үйлөр көп.