Кырчын жайлоосу этно-шаарчага айланды
Кыргызстандын 7 дубан калкынын башын бириктирген бул жайга 200дөн ашык боз үй тигилип, меймандарга кыргыздын улуттук каада-салттары, көчмөндөрдүн үрп-адаттары көрсөтүлүүдө.
Мындан тышкары улуттук ат оюндар, көчмөндөрдүн буюм-тайымдарынын жарманке-көргөзмөлөрү, кыргыздын ыр-күүлөрү келгендерди кайдыгер калтырбайт.
Этно-шаарчадагы иш-чаралар элдик таланттардын гала-концерти менен жыйынтыкталат.