Арашандагы өрт өчпөй жатат
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылындагы Кара-Кыя тоосунда өрт каптаган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки жүздөй куткаруучусу менен жергиликтүү тургундар иштеп жатышат. Үч күн мурун тутанган өрт жалпысынан 113 гектар жерге жайылды, кечээ анын 110 гектары өчүрүлгөн. Бүгүн үч гектар жердеги өрттү өчүрүү уланууда.