"Уулумдун Сирияга баруусун каалабайм"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте бүгүн Токмоктун тургуну Абдимиталип Сардалов өз баласын Сирияга согушка алып кетүүдөн куткарууга жардам сурап, президентке кат менен кайрылды. Абдимиталип Сардаловдин уулу Элнур Сардалов туура бир жыл мурун белгисиз бир уюм менен Арабияга окууга кеткен. Учурда ал Түркияда экендигин айтып, Сириядагы согушка даярдалып жаткандыгы тууралуу үй-бүлөсүнө кабар берген. (Эрнист Кубатов)