Түркиялык журтташ: тил мугалими керек экен

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркиядагы Ван кыргыздарынын айлында бир кездери Кыргызстандан эки мугалим барып, кыргыз тилинен, музыкадан сабак беришкен эле. Окутуу улуу-кичигө бирдей, бардык каалагандар үчүн болгон. Кыргызстан кийин башка мугалим жибере алган жок. Ошол убакта кыргыз тилинен сабак алып калган бир журтташыбыз жакында биринчи жолу тарыхый мекенине келгенде, ал сабактар текке кетпегенине күбө болду – Кудаяр Субанкул уулу Кыргызстанда өз улутташтары менен кадимкидей кыйналбастан сүйлөшө алды. Ооган Памиринде төрөлүп, азыр Түркиянын Улуу Памир айлында жашаган Субанкул уулунун Түркия жергесинде кантип кыргыз тилин окуганын Бишкекте Жаңыл Жусупжан сураштырат.