Жок жерден жомок жаралбайт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ооганстандагы памирлик кыргыздарда улуттук кенчтин эң байыркы түрлөрү сакталып калган. Алардын эң эскиси жомоктор. Кыргыздын улуттук баалуулуктарын өзүнө сиңирген жомоктор адам баласына жол көрсөткөн багыттоочу моралдык чоң күч болгон. Бүгүн жок болуп бараткан жомок тууралуу ооган кыргыздарынын жомокчусу менен аны изилдеген окумуштуунун түшүндүрмөсүн уксак. "Улуу Памир - 35" түрмөгүнүн жаңы санын Жаңыл Жусупжан сунуш этет.