Апрель сотунун өкүмү чыкты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын тарыхындагы эң узак жана чуулгандуу саналган сот процесcи соңуна чыкты. Үч жарым жылга созулган ишти баштан аяк судья Дамир Оңолбеков карады. Андагы материалдардын жалпы көлөмү 64 томду түздү. 300дөн ашуун адам жабырлануучу катары өттү. Эки тараптын кызыкчылыгын коргогон адвокаттардын жалпы саны 20дан ашты. Мамлекеттик айыптоо тарабынан ишке 7 прокурор тартылган.