“Чырак-2” акциясы өттү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдында “Чырак-2” деген акция өткөрдү. Ал колуна чырак кармап алып, өкмөттүн электр баасын көтөрүү аракетине нааразылык билдирди. Ушундай эле акцияны ал 7-июлда Өкмөт үйүнүн жанында өткөргөн. Буга чейин өкмөт электрди үч фазадан алгандарга бааны 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүүнү жана жылуулук энергиясын бөлүштүрүү принцибин өзгөртүүнү сунуштап чыккан. Бирок парламентте бул маселе карала турган күнү сунушун кайра артка чакыртып алган. Ошол эле учурда Жогорку Кеңеш кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, мындан ары электрге тарифти өкмөт депутаттардын макулдугусуз эле өзү бекитүүгө укуктуу.