Шахида өзү басып калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен тергөө абагында 3,5 жыл отуруп, буту-колу кыймылдабай калган Шахида Аманбаева сүйлөп, өз алдынча баса баштады. Ал учурда психикалык саламаттык боюнча республикалык борбордо дарыланууда. Аманбаева Токмоктогу киши өлтүрүүгө катыштыгы бар деп 2010-жылы камакка алынып, прокуратура аны 13 жылга кесүүнү соттон сураган. Быйыл 29-майда Чүй облустук соту аны 4 жылга кесип, бирок жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыгарган. Ал абактан милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылып, тилден калып, өз алдынча баса албай калганын укук коргоочулар айтып чыккан. Шахиданын окуясы коомчулук арасында кызуу талуу жараткан.