Нарын: чек ара аскерлеринин кесиптик күнү майрамдалды

Майрамда Тайлак Баатыр атындагы №2025 чек ара аскер кошууну бүгүн 30 жаш аскерди кабыл алды.

Жаш аскерлердин ант берүү аземи аскер кошууну даярдаган аскердик жүрүш, салтанат менен коштолду.

Салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, бүгүнкү 28-май чек ара аскерлеринин кесиптик майрамына карата алдыңкы аскер кызматкерлерине мактоо баракчалары тапшырылды.

Тайлак баатыр атындагы Нарын чек ара аскер бөлүгүнүн 7 заставасы, 4 посту Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө орун алган.

КР өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-сентябрындагы Нарын чек ара кошуунуна кыргыз элинин атагы чыккан Тайлак Баатырдын ысмы ыйгарылган.

1924-жылдын декабрында кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинин бир бөлүгүн кайтарууга алган өзүнчө комендатура негизделип, "Арпа", "Торугарт", "Чатыр-Таш" жана "Көк-Айгыр" аталган биринчи чек ара тозоттору түзүлгөн.

1999-жылы 28-майда мамлекеттик чек араны коргоо, көз карандысыздыкты, аймактык бүтүндүктү жана өлкөнүн кол тийбестигин камсыз кылуу максатында Чек ара кызматы түзүлгөн.

Кыргызстан Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү менен чектешет.