Нарын: өзгөчө кырдаалдарга даярдык кандай?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нарын шаарынын борбордук аянтында “Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучунда пайда болгон мезгилде жарандык коргонуунун иш-чараларын уюштуруу” деген темада окуу болуп өттү. Окуунун максаты облуста жер титирөө, сел каптоо, көчкү түшүү сыяктуу өзгөчө кырдаал түзүлгөн маалда жарандык коргонуунун абалын тынч мезгилде тажрыйбадан өткөрүү. Техниканын абалына изилдөө жүргүзүү. Иш-чарага жарандык коргонууга кирген 10 мекеме катышты. Окуунун жүрүшүндө техника жагынан бир катар кемчиликтер бар экени белгиленди. (27-май, 2014-жыл)