Бажы биримдигине каршылар кармалды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы пикет өткөрүп жаткан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду жана “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылынын 5 мүчөсүн милиция кармап кетти. Жарандык активисттер Жогорку Кеңеш Бажы биримдигинин күңгөй-тескейин талкуулап жатканда өздөрүнүн акциясы аркылуу аларды шашылыш чечим кабыл албоого үндөшмөк. Милиция алгач акциянын уюштуруучусу Алмаз Тажыбайды “ким экенин тактоо” максатында деп Биринчи май РИИБинде 3 саатча кармашкан.