Алыш күрөшүнүн чемпиондору

Былтыр Казанда өткөн бүткүл дүйнөлүк Универсиада оюндарында алыш күрөшүнүн балбандары байгелүү орундарды ээлегенден бери бул күрөшкө кызыккандар арбыды.

Эркин ыкмада жеңил салмакта бишкектик Мирланбек Абдисаттар финалда өзгөндүк Давран Ильяхуновду жеңип алды. 70 килограмм салмактын жеңүүчүсү деп Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанты Мырзабек Кочкоров таанылды.

80 килограмм салмактагы балбандардын баарын кызылкыялык Мирбек Карабаев жеңип, өлкө чемпиону болду.

Быйыл күзүндө Ысык-Көлдө бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. Бул оюндарга алыш күрөшүнөн да балбандар иргелип, мыктылары тандалды.

Ошондой эле сентябрдын аягында Түштүк Кореянын Инчон шаарында өтө турган 17-Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча көрсөтмөлүү мелдештер болмокчу.

90 килограмм салмакта былтыр Казанда өткөн бүткүл дүйнөлүк Универсиаданын чемпиону, таластык Нурбек Кожобеков дале табында экенин далилдеп, быйыл да чемпиондук наамын сактап калды.

100 кило салмакта финалга чыккан жалалабаддык Чыңгыз Акканов эрежени одоно бузганы үчүн мелдештен четтетилди. Баш байге Кыргыз улуттук университетинин студенти Канимет Барпыбековго ыйгарылды.

Кыз-келиндердин алыш күрөш таймаштарында “Беш сары” спорт клубунун өкүлдөрү Элза Абдыкадырова, былтыр Казанда өткөн бүткүл дүйнөлүк Универсиаданын күмүш байге ээси Нагира Сарбашова, бишкектик Нурсулуу Мусабаева жана Нурзат Бактияр кызы өлкө чемпиону аталды.

Алыш күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Кабыл Бөрүбаевдин айтымында, жеңүүчүлөр 24-майда Иран өлкөсүндө өтө турган Азия чемпионатында өлкө намысын коргоо үчүн барат.