Жеңиш күнүнө карата көкбөрү мелдеши
Мында өлкө аймагынан тандалган 6 команда мөрөй талашууда.
Талас облусунун тандалма командасы “Суусамыр” командасын утуп алды.
Бишкектин “Бөрүлү” командасы менен Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын командасы 4:4 эсебинде тең чыкты.
Ош облусунун “Достук” командасын Жайыл районунун “Суусамыр” командасы 5:1 эсебинде жеңди.
Москва районунун “Асылбаш” командасын Бишкектин “Бөрүлү” командасы 3:1 эсебинде утуп алышты.
8-майда жарым финалдык беттешүүлөр болот. 9-майда баш байге үчүн таймашуулар болмокчу.
Бул ирет мелдештин демөөрчүсү “Замандаш” ассоциациясы жана көкбөрү федерациясы болууда