Ош: завод түтүнүнө тургундар нааразы

Мурдагы пахта заводунун ордунда арматура чыгаруучу эки ишкана бар. Бийликтер алардын аталышын “Фум Ал” жана “Шун Ди Ли” деп атаса, мында иштегендер цехтин атын “Тай-Фао” деп белгилешти.

Бул ишканаларга негизинен кытайлык ишкерлер ээлик кылат. Жумушчулардын 90 пайызы жергиликтүүлөр болгон менен жетекчилери жалаң кытайлыктар. Бирок аларды үстүртөн коргогон жергиликтүүлөр бар.

Ош шаарында кыргыз-кытай ишканаларынын саны онго чамалайт. Алар негизинен курулуш жана өндүрүш тармагында иш алып барат.

"Заводдор көбүнчөсүн түнкүсүн иштешет. Жумуш кеч башталат да түнү менен асманды капкара, коюу түтүн каптап чыгат",-дешеи тургандар.

Жашоочулар жок дегенде бул цехтер башка жакка, шаардын сыртына көчүрүлсө деп үмүт кылышат.

Бул ишканалар 2009-жылдан бери иштейт. Ошондон бери жергиликтүүлөр көрүнгөн жерге арызданып келишет.

Мунун баары адамдардын ден соолугуна эле эмес, экологияга да зыян дешет жергиликтүүлөр.

Ишканада эмгектенгендер болсо, мындай дооматтарды четке кагышат. Алар мындай айыптоону жөн гана кандайдыр бир жеке тараптардын кызыкчылыктары менен байланыштырат.

Кийинчерээк бул аймак шаардын борбордук базарына айланмакчы болуп, бирок ишке ашпай келген.

Бийликтер тарабынан оңдуу жооп болбосо, Манас-Ата кичи районунун тургундары аз күндө нааразылык акцияларды баштай тургандыктарын айтышууда.

Мурда бул жерде пахта (ХБК) заводу жайгашкан. 90-жылдардан кийин алардын баары иштебей, жерлер ар кимге сатылып кеткен.

Кантсе да экология адистери бул иш боюнча экспертиза өткөрүүдө. Анын жыйынтыгы аз күндөрдө белгилүү болорун бийликтер белгилешет. Ошого карата маселе бир жагына чечилерин Ош шаардык мэриясынан билдиришти.