Алсыз эркектер аял урабы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда былтыр үй-бүлө зомбулугунан 12 адам мерт болгон. Ушул маселе боюнча милицияга кайрылгандардын саны өткөн жылы 2500дөн ашкан. Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочулар үй-бүлөдө зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылган кыз-келиндердин саны алда канча көп экенин белгилеп, жарандардын коопсуздугун мамлекет камсыз кыла албай жатканын сындашууда.