Словянскидеги кол салуу
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жекшембиге караган түнү Украинанын чыгышындагы Словянск шаарынын четиндеги бекетке жасалган чабуулда кеминде төрт адам өлдү. Орусиячылдардын бекетине куралчан адамдар кол салганын, аткылашууда эки жактан тең өлүм болгонун “Орусия-24” өкмөттүк телеканалы 20-апрелде маалымдады. Словянск облус борбору Донецктен 100 чакырымдай түндүктөгү шаар. Жикчилер Словянскидеги негизги өкмөттүк имараттарды 6-апрелде басып алышкан.