Чатырда билим алган балдар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кочкор районундагы Ак-Жар айылынын Ак-Жар орто мектебинин окуучулары бир айдан бери чатырда окуп жатат. Окуучулардын учурда чатырга көчүрүлүшүнө мектеп имаратынын кооптуу экени себеп болду. 2007-жылдагы жер титирөөдөн эски мектеп жараксыз абалга келген. Ошол эле жылы жаңы мектеп курулуп, бирок сапатсыз бүткөрүлгөндүктөн эми ал дагы кулап калуу коркунучунда турат.