Көпүрө качан курулат?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Ноокен айлында Чиртек-Сай суусуна 60-жылдары курулуп, токсонунчу жылдары оңдолгон, узундугу сегиз метр келген көпүрө 10-апрелде кулап түшкөн. Андан эки-үч күндөн кийин убактылуу коюлган темир-тактай-көпүрөдөн өтүү балдар үчүн коркунучтуу, анткени анын эки жанында жөлөнгүч-таянгычтары жок, алдынан кирген суу күргүштөп агып жатат. Көпүрө кыйраганга чейин жети миң эли бар төрт-кыштакты туташтырып турган.