Он жыл кулчулукта жүргөн Алтынбек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткендеги Бүргөндү айылында туулган Алтынбек Абдрахманов учурда шаардык №4 ооруканада дарыланып жатат. Ал 10 жыл бою Казакстанда эмгек кулчулугунда жүргөн. Мал багып жүргөн жеринен кожоюну менен чатакташып бутуна ок тийген. Аны ооруканадагы боорукер адамдар чек арадан эптеп өткөрүшүп, Бишкекке жөнөтүшөт. Ал психикалык жактан жабыркагандыктан башынан өткөндөрүн так айта албайт. Анын айтымында, аялы жана 3 баласы ушул тапта Кордойдо кармалып турат. Эч кандай документтери жок болгондуктан чек арадан өтө албай убара.