Баткенде өрүк гүлдөдү

Жылына өрүк бактарынан жалпысынан 3,5 млрд. сомдой кирше алынары айтылып келет.

Өрүктүн кургатылганынан күн сайын эртең менен 1-2 даана жеп туруу ден соолукка пайда.

Өрүк кан басымды турукташтырып, жүрөктүн согушуна, аз кандуулукка да пайда алып келет деп эсептелет.

Баткен өрүгүнүн канттуулугу да эң жакшы деңгээлде экени тактыкталган. Буга негизги себеп аймакта аба ырайынын жана жер шартынын өрүк багына туура келиши башка аймактарга салыштырмалуу жагымдуу.

Өрүктүн курамында калий, магний, фосфор, кальций, натрий ж.б. минералдык заттар бар.