"Мекен шейиттери" Ак үйдүн алдына чогулду
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
2010-жылы бийликке каршы чыгып курман болгондордун жакындары Ак үйдүн жанына чогулуп, соттун жүрүшүнө нааразы экенин айтышты. 1-апрель күнү Апрель окуясы боюнча сот жараянында прокурорлор элге ок атты деп соттолуп жаткан атайын даярдыктагы аскерлерди актоо сунушуна мерт кеткендердин жакындары нааразы болуп, сот отурумунан чыгып кеткен.