Улустун улуу күнү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Нооруз - жаңылануу жарчысы

Кыргызстандын бардык аймактарында Нооруз майрамы белгиленди. Бишкектеги салтанатка өлкө жетекчилеринин эч кимиси келбей коюшун туура көрбөгөндөр да бар.
Күн менен түн теңешкен 21-март – Нооруз майрамына байланыштуу өлкө аймагында элдик сейилдөөлөр, концерттик программалар уюштурулду. Шаркыраган суу жана куштардын жагымдуу үндөрү бүгүн Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында жаңырды. Бирок бул үндөрдү кишилер табият койнунан эмес, аудиожазуу аркылуу борбордук аянттардагы үн күчөткүчтөрдөн угушту.

Нооруз салтанатынан аудиобаян

http://www.azattyk.org/externalaudio-FLRM/Audio/1104741.html

Кыргызстанда кыштын таасири толук жоюла электигине байланыштуу жаз элесин берген үндөр азырынча Нооруз майрамына арналган салтанаттарды гана шөкөттөп жатат. Асманды булут каптап, абанын түнөрүп турушу адамдардын майрамдык маанайына таасир этпегенин байкоо кыйын эмес.

Бишкектеги Нооруз салтанатынан сүрөт баян


Бишкектеги Нооруз



Бийлик башындагылар неге келбеди?

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында мамлекеттик масштабда белгиленген Нооруз майрамына бийлик башындагылардан же президент, же парламент спикери, же өкмөт башчы да келген жок. Расмийлерден болгону шаар мэри Кубанычбек Кулматов, өкмөттүн атынан аппарат башчы Нурканбек Момуналиев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев катышып, мамлекет башчынын куттуктоосун элге жеткирди.

Айрым коңшу өлкөлөрдүн президенттери майрамда аянтка чыгып, эли менен кошо бийлегени тууралуу маалыматтар таасир эттиби, айтор Атамбаевдин салтанатка барып, өзү куттуктабаганын айрым жарандар туура эмес деп сыпатташты.

Алардын бири Кыргызстандын маданиятына эмгек синирген ишмер, жазуучу Салима Шарипова:

- Президент Алмазбек Атамбаевдин өзү келип, элине өз оозу менен куттуктоо айтып койбогонуна өтө капа болдум. Президент элдин кишиси болушу керек. Элдик майрамдарда чыгып майрам менен куттуктап койгону ашыкчалык кылбайт. Элдин назарына түшөт. Мамлекет башчы жарандары менен жакын болушу керек.

Аянттардагы майрамдык иш-чараларга эл көп топтолгону менен быйыл жылдагыдай майрамдагы өзгөчөлүктөр, алкоолор социалдык тармактарда көп байкалган жок. Бир гана баткендик интернет колдонуучулар аймактагы майрам башка жылдарга салыштырмалуу жакшы даярдалганын жазып жатышты.

Бишкек мэриясы майрамды белгилөө үчүн 1 миллион 300 миң сомдой акча бөлдү. Каражаттын 800 миңи майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө, 499 миң сому жасалгалоо иштерине жумшалды.

Баткендеги Нооруз

Баткен демекчи, облус борборундагы Нооруз майрамын белгилөө элдик сайрандоо, кол өнөрчүлүк, тамак аштын көргөзмөсү менен коштолду. Кыргыз-тажик чек арасы расмий жабык турганы менен Нооруз майрамы менен куттуктоо үчүн Тажикстандын Исфара районунан расмий өкүлдөр келди. Аталган райондун аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Содир Косимов баткендиктерди бул майрамы менен куттуктап, кошуна жашаган эки элге ынтымак каалады:

- Нооруз майрамы жанаша жашаган эки элдин биргелешкен жагымдуу иштеринин башталышы болуп калууга тийиш. Ошондой эле алдыда ынтымактуу жашап, жакшы ниет-тилектерибиз ишке ашаарына үмүттөнөм. Нооруз майрамыныздар менен ар бириниздеди куттуктайм...

Тажикстандык расмий өкүлдөр менен кошо ырчы-бийчилер да келишти. Аймактагы кыргыз-тажик элине таанылып калган ырчы Алишер Абдусаттаров баткендиктерге маанай көтөргөн чыгармаларын тартуулап, бул улуу күндү кошуналар дайыма чогуу майрамдасак деген тилегин айтты:

- Ар бир жылы түбөлүк кошуналар ушул майрамды биргеликте тоссок деп тилейм. Бизге чейинки муундар бири-бири менен ар тараптуу тыгыз алакада болуп келишкен. Бул салтты биз - кийинки муундар да улантып кетишибиз керек.

Баткенде жыл сайын жергиликтүү бийликтин, коомдук уюмдардын демилгеси менен чек аралаш айылдарда Нооруз майрамын биргелешип тосуу демлигеси колго алынып келген болсо, быйыл чек аралар расмий жабык турганынанбы же жаңжалдар көп катталып жатканынабы, айтор кыргыз-тажик чегиндеги кошуна айылдарда мындай иш-чаралар өткөрүлгөн жок.

Баткендеги Нооруз майрамынан сүрөт баян


Баткендеги Нооруз



Ат майданга кызыгуу күчөдү

Кыргызстанда Ноорузда ат оюндарын уюштуруу салтка айланып калды. Бишкек менен Оштогу ат майдандарында көк бөрү, эр эңиш сыяктуу оюндардын аймактар аралык, республикалык турнирлери өтүп жатат. Адистер жыл өткөн сайын Нооруздагы концерттик программаларга караганда, улуттук оюндар өткөрүлгөн аянттарга эл көбүрөөк келе баштагынан белгилешүүдө.

Кыргызстанда жыл өткөн сайын Ноорузду белгилөө район-шаарлардын борбордук аянттарында өткөрүлчү милдеттүү салтанатка айланып, айыл жерлериндеги элдик майрамдоолор, оюн-зооктор азайып баратканы сезилет. Бир кездердеги айылдык аянтка көшөгө, туштук асып, тамак-аш жасоо, мейман тосуу жагынан көчө-көчөгө бөлүнүп, мелдеш иретинде Нооруз тосуу жөрөлгөлөрү азыр сейректешип кеткен.
Ош шаарындагы Нооруз салтанатынан сүрөт баян


Ош шаарындагы Нооруз салтанаты