Түлеевдин жакындары митинг өткөрдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги №47 абактын алдында камактагы депутат Нариман Түлеевдин 100гө жакын тарапкери митинг өткөрүүдө. Алар абак жетекчилигинин Түлеевге карата басымын токтотууну талап кылып жатат. Митингчилердин айтымында, бейшембиде абак ооруканасында дарыланып жаткан Нариман Түлеевге түрмө кызматкерлери кирип, уруп-согуп, күч менен УКМКнын тергөө абагына которуу аракетин жасаган. Бирок депутат УКМКнын тергөө абагына киргизилбей, кечээ кечке соттолуучуларды ташыган атайын жабык унаанын ичинде кармалып туруп, кайра №47 абакка жеткирилген. Натыйжада Түлеевдин абалы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Мындан улам митингге чыккандар Түлеевге карата басымды токтотуп, абак жетекчилерин кызматтан кетирүүнү талап кылып жатат.