Ак калпак күнү жана "Кара жорго"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыздын улуттук баш кийими – ак калпакты даңазалоочу иш-чаралар Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында өттү. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында ак калпак кийген жаштар парады болду. Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы борбордук аянттарда калпак майрамы жаштардын улуттук бийи “Кара жоргону” жапырт бийлөө менен коштолду.