Крым парламентине чабуул жасалды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Украинанын жаңы бийлигин колдогон батышчыл демонстранттар Крым автономдук республикасынын парламентине чабуул коюшту. Кеминде бир адам набыт болуп, жараат алгандар бардыгы кабарланды. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу автономияда жайгашкан Кара деңиз флотун коргоо үчүн орус өкмөтү тийиштүү коопсуздук чараларын көрө турганын билдирди.