Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:28

Украина калкан көргөн Будапешт меморандуму


Крымдагы украин армиясы. 28-февраль, 2014-жыл.
Крымдагы украин армиясы. 28-февраль, 2014-жыл.

Жума күнү Крымдагы Севастополь жана Симфорополь аба майдандарын куралчандардын басып алуу аракетине байланыштуу Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк 28-февралда Орусияга кайрылып, Будапешт меморандумун кыйшаюусуз сактоого чакырды.

Украина парламенти - Жогорку Рада да бул Меморандумдун аткарылышына кепил мамлекеттерди өлкөнүн күнкорсуздугун жана бүтүндүгүн камсыздоо боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга чакырды. Парламент расмий Кремлден Украинанын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жараткан кадамдарды токтотууну жана жикчилерди колдобоону талап кылды.

Деги "Будапешт меморандуму" эмне болгон келишим? Анын Крым жарым аралындагы окуяларга кандайча тиешеси бар?

Будапешт меморандуму ырасмий түрдө “Украинаөзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча келишимге кошулганына байланыштуу анын коопсуздугуна кепилдиктин меморандуму” деп аталат. Бул документке 1994-жылы 5-декабрда Америка Кошмо Штаттары, Орусия Федерациясы жана Улуу Британия кол койгон.

Ал ырасмий келишим эмес, мурдагы советтик Украина өзөктүк куралдарынан баш тартканга байланыштуу өлкөнүн коопсуздугуна кепилдик өтүү боюнча сырткы убаданы чагылдырган дипломаттык документ.

Украина өз аймагындагы совет доорунда жасалган бардык өзөктүк куралдарын Меморандумга ылайык жок кылуу үчүн Орусияга, убадалашкандай эле, тоскоолсуз өткөрүп берген.

Ал эми БУУнун Коопсуздук Кеңешинини туруктуу мүчөлөрүнөн болгон АКШ, Орусия жана Британия өздөрүнө "Украинанын төбөлсүздүгүн, эрктүүлүгүн жана мамлекеттик чек арасын урматтайбыз; аймагынын бүтүндүгүнө же саясый төбөлсүздүгүнө күч колдонуп коркунуч туудурбайбыз жана күч колдонууга жол бербейбиз" деп милдеттенме алышкан.

Үч кубаттуу мамлекет, ошондой эле, Украинаны "өз кызыкчылыгына баш ийдирүү үчүн экономикалык мажбурлоого барбайбыз; кокус Украина куралдуу баскынчылыкка дуушар болсо, өлкөгө жардам берүү үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши токтоосуз чара көрүүсүнө аракет кылабыз" деп сөз беришкен.

Ырас, меморандумда Украинага каршы курал өздөрүн коргоо максатында же башка учурда БУУнун Уставына ылайык колдонулат деп көрсөтүлөт. Жогорудагыдай убадалар 1975-жылкы Хельсинки келишиминин принциптерине ылайык жасалган. Хельсинки келишимине 35 мамлекет, анын ичинде мурдагы Советтер Союзу да кол койгон.

Будапеш меморандуму Орусия тарап Украинанын бүтүндүгүн сыйлап-урматтоосу үчүн кандайдыр бир мыйзамдуу чараларды сунуш кыла алабы?

Орусиянын Либерал-демократтык партиясынын лидери В. Жириновский Севастополь шаардык өкмөтүнүн алдында сөз сүйлөөдө. Крым, Украина. 28-февраль, 2014-ж.
Орусиянын Либерал-демократтык партиясынын лидери В. Жириновский Севастополь шаардык өкмөтүнүн алдында сөз сүйлөөдө. Крым, Украина. 28-февраль, 2014-ж.
Америкалык юрист - профессор Барри Келлман “Азаттык” үналгысына берген интервьюсунда меморандумга кол койгон өлкөлөр "Украинанын күнкорсуздугуна кийлигишпейбиз" деп бул документте милдеттенме алганын айтты:

- Бул жөнөкөй угулганы менен, чындыгында, алда канча татаал суроо. Бул эл аралык мыйзам менен байланышкан, бирок бул аны ишке ашырганга ар кандай каражаттар бар дегенди билдирбейт. Будапешт меморандуму Хельсинки келишиминен кийин кабыл алынгандыктан, негизинен анын шартын кайталайт. Келишимде өз ара ишенимди бекемдөөчү чаралар жана башка кеңири милдеттенмелер, негизинен, (кийлигишүүгө карата) терс милдеттенмелер каралган. "Кийлигишпегин" деп айтылган.

Барри Келлман (Barry Kellman) АКШнын Иллинойс штатындагы Де Поль университетинин (DePaul University) Укук коллежинин Эл аралык куралдарды көзөмөлдөө борборунун директору.

Ал Орусияны Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлоого милдеттендирген эл аралык мыйзам булактарына "Европадагы коопсуздук жана кызматташуу келишими", ошондой эле "БУУнун Хартиясы" да кирээрин "Азаттык" үчүн курган маегинде кошумчалады.

XS
SM
MD
LG