Чек араны бузган топ курал үчүн келген

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-кытай чек арасын бузуп кирип келген топ, мергенчилердин курал-жарагын тартып алып, кайра Кытайга жөнөп кетмек жана Кыргызстанда теракт уюштурмак. Кечээ Жети-Өгүз районунда орун алган окуя боюнча ушундай версия каралып жатканын бүгүн Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райымберди Дүйшөмбиев билдирди.