Волгограддагы вокзалда жардыруу болду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиянын Волгоград шаарынын темир жол вокзалында бомба жарылып, кеминде 15 адам өлдү. Орусиянын антитеррордук комитетинин маалымдашынча, бомбаны жанкечти жардырган. Жардырууну ким уюштурганы беймаалым. Бирок Чечен козголоңчуларынын ана башы Доку Умаров келерки жылы башталчу Сочи олимпиадасы кезде чабуул жасаганга үндөгөн.