Кыргызстан-Азербайжан: эсеп тең болду

Достук беттешке Кыргызстан курама командасы төмөнкү курамда талаага чыкты: Павел Матяш (д), Валерий Кичин, Тахир Авчиев, Даврон Аскаров, Фарух Абитов, Вадим Харченко (к), Макка Кум, Анатолий Власичев, Ахлетдин Исраилов, Хуршит Лутфуллаев, Дэвид Тетте.

Азербайжан командасынын курамы: Салахат Агаев, Махир Шукюров, Эльнур Аллахвердиев, Расим Рамалданов, Руслан Абышов, Рахид Амиргулиев, Илтер Ташкын, Джихан Озкара, Вагиф Жавадов, Руфат Дадашов, Рауф Алиев

Кыргызстан командасын колдоо үчүн стадионго 15000ге чукул күйөрман келген.

Улуттук курама команданын "Күйөрмандар биримдиги" алгач ирет бер секторду ээлеп, атайын чакырыктар менен футболчуларды сүрөп турушту.

Улуттук курама команданын "Күйөрмандар биримдиги" алгач ирет бер секторду ээлеп, атайын чакырыктар менен футболчуларды сүрөп турушту.

Оюндун достук статусуна карабай кыргызстандык футболчулар жандуу оюн көрсөтүп, матчтын дээрлик биринчи бөлүгү Азербайжан командасынын жарым талаасында өттү.

Кыргызстандыктардан Вадим Харченко, Ахлидин Исраилов, Валерий Кичин, Дэвид Тете, азербайжандыктардан Жихан Озкара, Махир Шукюров, Вугар Надиров мыкты оюн көрсөттү.

Стадионго өз улуттук командасын колдоо үчүн Азербайжан күйөрмандары да келишкен.

Кыргызстан курама командасынын дарбазачысы эң мыкты оюн көрсөтүп, бир нече ирет голдон куткарып калды.

Оюндун аягында футболчулар күйөрмандарына ыраазычылык билдирүшүүдө.

Улуттук курама топтун башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков командасынын оюнуна купулу толгондугун жана бул достук беттеште улуттук команда үчүн теңме тең чыгуу да жакшы жетишкендик экендигин белгиледи.

Азербайжан курама командасынын машыктыруучусу Берти Фогтс салтка айлангандай эле ар бир барган шаарында карылар жана балдар үйлөрүнө жардам көрсөтөт. Бишкекте да бир нече азербайжандык жана кыргызстандык оюнчулар менен бирге ал карылар үйүнө барып, материалдык жардам көрсөттү.