Ак-Сайдын тургуну бийликтерге кайрылат
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Баткенде Тажикстандын Ворух анклавы менен туташ жайгашкан Ак-Сай айылынын тургуну Азизбек Зулпукаров өлкө жетекчилигине кайрылып, быйыл апрелде тажикстандыктар менен тополоңдон кийин курулушу токтоп калган Ак-Сай - Тамдык жолун курууну кайра баштоого үндөдү. 27-апрелде тажикстандыктар "чек ара так аныктала элек" деген жүйөө менен жол куруп жаткан аксайлыктарга кол салган. Бир нече адам жарадар болуп, машинелер талкаланган эле.