Жоолукчандардын веложүрүшү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Муфтияттын аялдар комитети Бишкекте кыз-келиндердин веложүрүшүн уюштуруп, алар Манас-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен төмөн көздөй эки чакырым аралыкка велосипед айдады. Бирок шаар бийлигинен унаа жолдон өтүүгө уруксат алынбагандыктан жүрүш жолду бойлой аллея аркылуу жүрдү. Жалпысынан акцияга 500дөй жоолукчан кыз-келин катышты. Алардын максаты - аялдар арасындагы аз кандуулук оорусунун алдын алуу жана спорт менен машыгып, велосипед айдап, дени сак жашоого үндөө. (Мирлан Токталиев)