Чек арадагы өлүм

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тажикстандын Исфара районунун Чорку жамаатынын 5-бригадасында 19унан 20-августка караган түнү, бир үйдөн 4 киши белгисиз бирөөнүн огунан мүрт кеткен. Кыргыз чек арасынан үч метр ары жайгашкан Абдукахор Халлоков аттуу тажик жаранынын үйүндө болгон кан төгүүдөн кийин кыргыз жана тажик күч кызматтары кырдаалды чогуу көзөмөлдөөдө.