Бирназаров: Далил кинодо кыздар күчтүү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таанымал кинорежиссер Темир Бирназаров Чехиядагы адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалына катышты. Прагадагы «Люцерна» кино-кафесиндеги баарлашууда режиссер Кыргызстандагы даректүү тасма тартуунун абалы, кино тармагындагы жаңылыктар, өз устаттары жөнүндө айтып берди. (Жаңыл Жусупжан)