Апта-маанай (12-18-март)

АКШнын коргоо министри Леон Панетта 13-мартта Кыргызстанга келип, кыргыз жетекчилиги менен Транзиттик борбор, регионалдык коопсуздукка байланыштуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы “республикачыл” депутат Исхак Пирматовдун кол тийбестигин алууга макул болду.

15-мартта Ошто КМШ аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана башка коркунучтуу кылмыштарга каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун аскердик машыгуусу өттү.

17-мартта Аксы окуясына он жыл толуп, бул күн мамлекеттик деңгээлде эскерилди.

14-мартта Ошто "Улуттар биримдигинин" тарапкерлери митингге чыкты. Митингчилер үч участокто кайра шайлоо өткөрүү жана "Улуттар биримдиги" партиясына шаар кеңештен 23 орун берилсин деген талаптарын айтышты.

Казакстандын Кулан кенинен радиациялуу көмүрдүн келиши боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге 13-мартта айып тагылды.