Апрель курмандыктарына күмбөз коюлду

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде былтыркы апрель окуясында курман болгондорго күмбөз ачылып, эскерүү иш-чарасына Кыргызстандын бийлик башындагылар катышты.

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде былтыркы апрель окуясында курман болгондорго күмбөз ачылып, эскерүү иш-чарасына Кыргызстандын бийлик башындагылар катышты.

Эстелик комплекстин курулушуна жалпы эсеби 20 миллион 800 миң сом сарпталганы маалымдалды.

"Ата-Бейитке" сөөгү коюлган апрель окуясында каза болгон 83 адамдын ысымы кара ташка чегерилип, бир адамга “белгисиз жаран” деп жазылды. 

"Ата-Бейитке" сөөгү коюлган апрель окуясында каза болгон 83 адамдын ысымы кара ташка чегерилди.

Эскерүү жыйында сүйлөгөн президент Роза Отунбаева апрель ыңкылабы менен Кыргызстанда жаңы доор башталганын, дал кыргыз революциясы дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү жекебасар бийликтердин ойрон болушуна из салганын белгиледи.

Үстүндө түндүк орнотулган үч бурчтук түрүндөгү эстелик-комплекстин бийиктиги 8, туурасы 7 метр. Ал кызыл мармар таштан жасалган.