Кочкор-Башы: Төрт-Күл шаар чалдыбарынын тагдыры сүрөттөрдө
Кочкор-Башы шаар чалдыбарындагы археологиялык казуу учуру. 01.7.2011. - Кочкор өрөөнүндөгү Төрт-Күл (Кочкор-Башы) шаар чалдыбарын казуу маалында. Казууну Кыргыз Улуттук Университетинин окумуштуулары жана тарыхчы студенттери жүргүздү. Археолог Ороз Солтобаевдин “Азаттыкка” белекке берген сүрөтү. 01.7.11.
Төрт-Күл (Кочкор-Башы) шаар чалдыбары. 2011. - Кочкор өрөөнүндөгү Төрт-Күл (Кочкор-Башы) шаар чалдыбарынын алыстан көрүнүшү. Археолог Ороз Солтобаевдин “Азаттыкка” белекке берген сүрөтү. 02.7.11.
Кочкор өрөөнүндөгү олуттуу эстеликтердин бири - "Кырк чоронун күмбөзү". 02.7.2011. - Кочкор өрөөнүндөгү Дөң-Алыш кыштагынан түндүк-чыгыштагы “Манастын Кырк чоросунун күмбөзү” деп аталган, бирок 16-18-кылымдарга таандык көрүстөн. КУУнун окутуучусу, археолог Ороз Солтобаевдин “Азаттыкка” белекке берген сүрөтү. 02.7.11.
очкор-Башы: "Төрт-Күл" шаар чалдыбарынын схемалык турпаты. 2011. - Нарын облусунун Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылында байыркы Кочкор-Башы шаарынын орду болгон "Төрт-Күл" чалдыбарынын схемалык сыпатталышы. Археолог Ороз Солтобаев "Азаттыкка" белек кылган сүрөт. 01.7.2011.
Кочкор-Башы: "Төрт-Күл" чалдыбарынын бөлүгү тууралуу Нарын облус акиминин аппарат башчысы Б.Богачиевдин каты. 2010. - Нарын облусунун акиминин аппарат башчысы Б.Богачиевдин Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылындагы байыркы Кочкор-Башы шаарынын орду - "Төрт-Күл" чалдыбарына кирген жер тилкеси тууралуу 2010-жылдын 4-апрелиндеги каты. Археолог Ороз Солтобаев "Азаттыкка" берген маалымат. 02.7.2011.
"Төрт-Күл" чалдыбарына кирген жер тилкеси тууралуу Кум-Дөбө айыл өкмөт башчысы С.Убалиевдин каты. 2010. - Нарын облусунун Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Садыбакас (Бакай) Убалиевдин байыркы Кочкор-Башы шаарынын орду - "Төрт-Күл" чалдыбарына кирген жер тилкеси, ж.б. тууралуу Кочкор райондук акимине жазган 2010-жылдагы каты. Археолог Ороз Солтобаев "Азаттыкка" берген маалымат. 02.7.2011.
Кочкор-Башы: "Кара-Бак" жер тилкеси тууралуу Кум-Дөбө айыл кеңешинин токтому. 21.1.2009. - Нарын облусунун Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылдык кеңешинин байыркы Кочкор-Башы шаарынын орду - "Төрт-Күл" чалдыбарына кирген "Кара-Бак" жер тилкесинин ж.б. менчиктик түрүн өзгөртүү тууралуу 2009-жылдын 21-январындагы токтому. Археолог Ороз Солтобаев "Азаттыкка" берген маалымат. 02.7.2011.
Кочкор-Башы: "Кара-Бак" жер тилкесин бөлүштүрүү тизмеси - Нарын облусунун Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылында байыркы Кочкор-Башы шаарынын орду - "Төрт-Күл" чалдыбарына кирген "Кара-Бак" жер тилкесин ж.б. үлүшкө ижарага алууну каалагандардын тизмеси. Археолог Ороз Солтобаев "Азаттыкка" берген маалымат. 02.7.2011.
Археолог Ороз Солтобаев - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин окутуучусу, археолог Ороз Солтобаев орто кылымдардагы тарыхый эстеликтерди иликтөө жаатында бир катар ачылыштарды жасаган илимпоз.
Кочкор-Башы (Кочңар-Башы) шаары 11-кылымда чийилген дүйнө картасында да катталган. - Махмуд Кашгаринин (Барсканинин) 1072-1077-жылдары арапча жазылган "Дивану лугати т-түрк" ("Түрк тилдеринин сөзжыйнагы") эмгегинде камтылган дүйнө картасынын Борбордук жана Чыгыш Азия бөлүгүнүн кыргызча котормосу. Т.Чоротегин. 1997-жыл.
(Мында Кочкор-Башы шаары Ысык-Көлдөн батышта, Баласагын шаарынан түштүктө тоо кыркасынын күңгөйүндө жайгаштырылган).
Кочкор-Башы: "Төрт-Күл" шаар чалдыбарында табылган караханийлик жез тыйындар. 2011. - Нарын облусунун Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылындагы байыркы Кочкор-Башы шаарынын ордунда ("Төрт-Күл" чалдыбарында) табылган караханийлик жез тыйындар. Археолог Ороз Солтобаев "Азаттыкка" белек кылган сүрөт. 01.7.2011.
Кочкор-Башы: "Төрт-Күл" шаар чалдыбарын казууга катышкан студенттер. - Нарын облусунун Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылындагы байыркы Кочкор-Башы шаарынын ордунда ("Төрт-Күл" чалдыбарында) археологиялык казуу иштерине катышкан КУУнун студенттери. Археолог Ороз Солтобаев "Азаттыкка" берген сүрөт. 01.7.2011.

Кочкор-Башы: "Төрт-Күл" шаар чалдыбарындагы борбордук мунаранын калдыгы. 2011. - Нарын облусунун Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылындагы байыркы Кочкор-Башы шаарынын борбордук мунарасынын калдыгы корулбай турат ("Төрт-Күл" чалдыбары). Археолог Ороз Солтобаев "Азаттыкка" белек кылган сүрөт. 01.7.2011.
Кочкор-Башы: "Төрт-Күл" шаар чалдыбарын казууга катышкан студенттер. - Нарын облусунун Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылындагы байыркы Кочкор-Башы шаарынын ордунда ("Төрт-Күл" чалдыбарында) археологиялык казуу иштерине катышкан КУУнун студенттери. Археолог Ороз Солтобаев "Азаттыкка" берген сүрөт. 01.7.2011.
Кочкор-Башы: "Төрт-Күл" шаар чалдыбарын казууга катышкан студенттер. - Нарын облусунун Кочкор өрөөнүндөгү Кум-Дөбө айылындагы байыркы Кочкор-Башы шаарынын ордунда ("Төрт-Күл" чалдыбарында) археологиялык казуу иштерине катышкан КУУнун студенттери. Археолог Ороз Солтобаев "Азаттыкка" берген сүрөт. 01.7.2011.
Кочкордо уюштурулган "Алма" фестивалынын айрым катышуучулары. 2010-жыл. - 2010-жылы 30-октябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун борборунда дыйканчылыкты, багбанчылыкты жана туризмди өөрчүтүү үчүн “Алма” фестивалы өткөрүлдү.
Кочкордо уюштурулган "Алма" фестивалы ыр-күү, бийлер менен коштолду. 2010-жыл. - 2010-жылы 30-октябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун борборунда дыйканчылыкты, багбанчылыкты жана туризмди өөрчүтүү үчүн “Алма” фестивалы өткөрүлдү.
Кочкордо уюштурулган "Алма" фестивалынын дасторкону берекелүү болду. 2010-жыл. - 2010-жылы 30-октябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун борборунда дыйканчылыкты, багбанчылыкты жана туризмди өөрчүтүү үчүн “Алма” фестивалы өткөрүлдү.