Химки токоюн аралаган жолду курууну президент токтотту

Химки токоюн коргоо кыймылыны мүчөлөрү каршылык акциясын өткөрүүдө

Орусия башчы Дмитрий Медведев Химки токою аркылуу өтчү жолдун курулушун токтотуп, аны коомдук жана эксперттик сыноодон өткөрүү үчүн өкмөткө алдыңкы күнү тапшырма берди. Орусиянын премьер-министри Владимир Путин болсо Москва менен Питер ортосуна салынып аткан жолду бүтүрүү керек деди. Буга чейин өлкөдө Химки токоюн коргооо боюнча экологдук жана коомдук уюмдар, оппозициячыл саясатчылар каршылык акцияларын өткөрүп жатышкан.
Маскөөдөн Питерге дейре жетчү кара жол долбоору чийилип атканда анын Химки токоюн жарып өткүдөй салынышы жөнүндө 2009-жылы 5-ноябрда өкүмөт башчы В.Путин токтом чыгарып, астына колун коюп бекиткен. Ошондон тарта Химки токоюн аралап жол өтө турган болуп калган. Химки токоюн коргоочулар ал жерде кара жол өтсө боло турган бери дегенде үч нук бар экенин айтышат.

Токой кыйыла баштагандан тартып экологдор, карапайым кишилер, саясий атка минерлер нааразылык билдирип жатышат. Ошол себептүү Химки токоюн коргоо кыймылы пайда болгон. Ал кыймылдын лидери Е.Чирикова:

- Биздин аракетке тилектеш кишилер: карапайым эле бала-чакасын багып же ишкердик кылып атышкан адамдар, алар саясий тарамдарда жок. Коммунист же либерал эмес. Мен өзүм да бир да партияда эмесмин, – дейт.

Аңгыча эле бийлик партиясы “Бирдиктүү Орусия” мамлекет башчыга кайрылуу жасап, ал партия да Химки токоюн коргой тургандыгын билдирди. Өлкөдө ага дейре жасалган нааразылык актыларга бийлик бут тосуусун койбой келаткан. Маселен, кеткен жекшемби күнү Маскөөнүн Пушкин аянтына ырчы Юрий Шевчук концерт бергенде көрүлгөн бийликтин чаралары буга күбө. Ошого карабай ал күнү бир нече миң киши чогулуп, бийликке айбат көрсөткөн.

Ошондон соң президент чыры ырбап бараткан жолдун салынышын токтотуп, долбоорду кайра изилдеп чыгуу чечимин чыгарды.

- Автожол салуу боюнча чыгарылган токтомду ишке ашырууну токтото туруп, коомдук жана эксперттик кошумча талкуу өткөрүүнү өкүмөткө тапшырдым,-деп билдирди президент Дмитрий Медведев.

“Коммерсант” жазгандай, кыйла саясатчылар Химки токоюн кыюуну токтоткон анын партиясы экенин айтып, талаш башталган. Маселен, Химки токоюн коргоо кыймылынын жетекчиси Е.Чирикова президенттин жардыгы алардын аракетинин мээнетин кайтарды деген. Химки токоюн кыюуга маскөөлүктөрдүн 67 пайызы карыш экенин ал кыймылдын атка минерлеринин бири Ярослав Никитенко айтты:

- Биздин демилгени колдоого алышкандардын, ал тургай Ю.Шевчук жана А.Троицкийге окшогон адамдардын аракети текке кетпегени айкын болду.

“Солчулдар фронтунун” координатору Сергей Удальцов: “Жарандардын топ жарып чыгуусу оң жыйынтык берет деген ушул. Кишилер өз укугун коргоодон жалтайлабаш керек, ага мисал ушул” – деген.

Талдоочулар кай бирлери коомчулук маанайы кайсы жакка баратканын түшүнүп, токойду коргоочулар көтөргөн демилгени бийлик партиясы өзүнүкү кылып ала койду дешет.

Өкүмөт башчы В.Путин президентке берген жообунда:

- Табыятты сактоо менен өнүгүү ортосунда дайыма карма-каршылык бар, бирок жолду салуу да керек,-деп айтылат.

2006-жылы дагы табиятты коргоочулардын нааразылык акциясы бир нече айга созулуп, Байкал көлүнүн жээги менен өткөнү жаткан муунай куурун салуу боюнча Кремлдин чыгарган токтомун аткаруу токтотулган болчу.