Жалал-Абад шаарынын үйлөрү өрттөнгөн жарандары азык-түлүк жана кайрымдуулук жардамы тартыш болгонуна нааразы. Бирок шаардык бийлик сырттан келген соопчулук жардамдары үй башчылар тарабынан тизме менен таркатылып жатканын, азык-түлүк жетиштүү экенин билдирүүдө. Шаар башчылары өз кезегинде нааразылык чыгарууга негиз жок дешет, алардын жүйөөсүндө жабыркагандарга жардам жетиштүү көрсөтүлүп жатат.
Өткөн айдагы тополоңдо Жалал-Абад шаарынын Ленин, Кыргыз Республикасы, Пушкин жана Бекмамат Осмонов атындагы көчөлөрүндө мамлекеттик жана жеке менчик 186 имарат үйлөр буюм-тайым, эмеректери менен кошо өрттөлгөн. Турак жайынын дубалы гана калган Саерахан Рахматуллаева бирде эжесиникинде, кээде агасыныкында жашап жүрөт. Анын айтымында өрттөлгөн үйдө жадесе идиш-аяк, төшөнчү жууркан калган эмес. "Азык-түлүк тартыш болууда, өкмөттүн жардамын көрө элекбиз", - дейт жаш келин.
Аталган шаардын тургуну Махсуда Режаповага ушу тапта “Базарная” көчөсүндөгү инисинин үйүндө жашоого туура келүүдө. Ал Ленин көчөсү аркылуу облус борборун көздөй жүктүү унаалар өткөнү менен кайрымдуулук жардам албаганына капа. Үй бүлөсүндө киши аз болгондуктан ага чатыр тийбей калган. Махсуда Режапова алгачкылардан болуп, тамак-аш таркаткан түрк туугандарга рахмат айтты.
Эл аралык уюмдар менен өлкөнүн Чукул кырдаал министрлигинен келген чоң чатырлар көп бүлөлүү адамдарга берилген. Алар чатырларды өз короолоруна тигип алышкан.
Баш-баанексиз жана оокат-ашы тартыш адамдардан тууган-уруктары кабар алууда. Сузак районунун Киров айылынын тургуну Өктам Халилова Жалал-Абаддагы үйү өрттөнгөн эжесине азык-түлүк салынган баштыгын көтөрүп келди. Ал эжесинин үй-мүлкү, төшөнчүлөрү, жадесе кийим-кечеси калбаганын айтты. Эжеси анын баштыгын ачып, алып келген тамак-ашы үчүн ыраазы болду.
Шаар башчынын өзбек улутундагы 1-орунбасары Алишер Ахмедов жабырлануучулардын оокат тартыш жана кайрымдуулук жардамы тегиз таркатылбай атат деген дооматына кошулган жок. Анын ырасташынча, кайрымдуулук жардамы жетиштүү жана аларды Бишкектен алып келгендер өздөрү таркатууда. Көптөгөн ун, май, чай, макарон, кумшекер жана башка азык-түлүктөр шаардагы аймактык башкаруу жана үй башчылар аркылуу тизмеге ылайык берилүүдө.
Чукул кырдаал министрлиги тарабынан бөлүнгөн 100 даана чатыр чоң үй-бүлөлөргө таркатылууда. Кызыл чырым уюму чакан чатырларды жана идиш-аяктарды алып келүүгө убада берди. 1-июлда бир нече көчөнүн тургундарына соопчулук жардамы таркатылды.
"Өрттөлгөн үйлөрүндө такай болбогон аялдар, албетте, кайрымдуулук жардам албай калуусу ыктымал, бирок жардам жетиштүү жана тамак-аш тартыштыгы тууралу кеп болуусу мүмкүн эмес", - деп айтты Жалал-Абад шаар мэринин өзбек улутундагы биринчи орунбасары Алишер Ахмедов.
Облус борборунун тургуну Мейманбү Акжолова өзбек улутундагы жабырлануучуларга жетиштүү түрдө камкордук көрүлгөнүн билдирди. Анын ырасташынча, алардан кем эмес жабыркаган түпкү элдин өкүлдөрү топук кылып, нааразы болбой эле өз тиричилиги менен убара.