Орусияда жаштар арасында башталган согуш

Хуторскойду эскерүү пикетинен, 22-ноябрь, 2009-ж.

Орусиядагы мигранттарды жана башка улуттук азчылыктарды укук коргоочулардан тышкары антифашисттик уюмдар колдоп келишет. Бирок АНТИФА деген аталыш менен белгилүү болгон бул уюмдардын өздөрү ашкере улутчул, неонацист, кырма баштардын курмандыгына айланууда.
Ал мурда панк-рокер, бокс мелдештеринин уюштуруучусу болгон, бир эле мезгилде аны Орусиядагы эң таанымнал антирасист активист катары билишчү.

Иван Хуторскойго экстремист улутчулдар бир нече жолу бычак, бритва, бурама бурагыч менен кол салышкан, бирок ичээр суусу эми түгөнгөн белем, 26 жаштагы активистти өткөн дүйшөмбүдө Москванын чет-жакасындагы көп этаж үйдөгү батиринин тепкичинде баратканда атып кетишти.

Мунун эртеси Хоторскойдун АНТИФА боюнча шериктери, кремлчи «Жаш Россия» уюмунун штаб-квартирасына кол салышты. Активисттер терезелерди таш бараңга алып, темир союл менен сындырышты, "Жаш Россиянын" мүчөлөрү менен мушташ чыкты.

Оппозициядагы Гарри Каспаров чогуу негиздеге «Шериктештик» уюмунун жаш лидери Иля Яшин АНТИФА менен экстремист улутчул жаштардын ортосунда зордукчул кармаш күч алат деп эсептейт:

Бул баланын оюну эмес, нацисттер менен АНТИФАнын ортосунда кадимки согуш жүрүп жатат. Ал шаардын чытырман токоюндагы куралчан топтордун партизандык согушуна окшоп кетет, бирок бул - кадимки согуш.

Бул согуштун каршы тарабындагылар Орусиянын келечегин эки башка элестетишет. Он миңдеген мүчөсү бар улутчул топтор «Орусияда орустар гана жашаш керек» деп эсептешет. Мындай максатка жетүү үчүн алар чет элдиктерди, улуттук азчылыктарды жана антифашисттерди бутага алып, аларды өлтүргөндөн да кайра тартышпайт.

Сан жагынан чектелүү, бирок Европадагы антифашисттик уюмдар менен жакын кызматташкан АНТИФАнын активисттери тескерисинче улуттук жана маданий ар түрдүүлүктү колдойт. Буга чейин АНТИФА улуттук азчылыктарды коргоп, кол салуулардан оолак болуп келишкен. Бирок Яшиндин айтымында, антифашисттердин катары өскөн сайын аларга кол салуулар улам көбөйгөндөн көбөйүп барат:

– Мындан бир нече жыл мурда антифашисттер мушташканга да жок болчу, Бүгүн алардын бир да жетекчиси өз үйүнө коркпой кирип-чыга албай калды. Алардын кимисин да болсо кабак-каштын ортосунда атып, же темир союл менен башка чаап кетиши ыктымал.

Чыдамы түгөнгөн белем, кийинки кездери АНТИФАнын активисттери да аты чыккан улутчулдарга кол сала башташты. Окуянын мындай өнүгүшү Орусиядагы укук коргоочулар чөйрөсүн дүрбөлөңгө салды.

Өткөн бейшембиде алардын бир катары антифашисттерди «провокацияга берилбестен, зордукчул аракеттерден баш тартууга жана былык оюндун оюнчугуна айланып калбоого» чакырган билдирүү жасашты. Москвадагы «Хелсинки тобунун» жетекчиси Людмила Алексеева Азаттыктын орус кызматына чакырууга кол койгондор шейшембидеги «Жаш Россия» уюмунун кеңсесине кол салгандай чабуулдарга каршы экендигин мындайча билдирди:

Алар расизмге каршы экендигин башка көп жолдор менен көрсөтө алышат. Мен жеке өзүм мындай күрөштү туура көрбөйм. Биз антифашисттик иш-аракеттерди колдоону токтотпойбуз, бирок мындай чабуулдарга каршыбыз.

АНТИФАнын мүчөлөрүн улутчулдарды Орусиянын тартип коргоо органдары жана өлкөнүн саясий жетекчилиги колдоп жатышканы айрыкча беймаза кылат. «Мындай шартта, бизде зөөкүрдүккө зөөкүрдүк менен жооп кайтаргандан башка аргабыз жок» дешет алар.

«Жаш Россиянын» штаб-квартирасына кол салуу менен антифашисттер бул топтун жол башчысы, Мамлекеттик Думанын депутаты Максим Мищенкону бутага алгандыгын жашырышпайт:

Муну кол салуу деген туура эмес, бул эскертүү гана. Антифашисттер болгону «Русский Образды» колдогон Мамдуманын депутаты Максин Мищенкого нааразылыгын билдирип коелу дешти, - дейт атын атагысы келбеген АКТИФАнын активисти.

Мищенко «Жаш Россиянын» «Русский Образ» менен мурда байланышта болгонун моюнга алганы менен, азыр ага эч кандай колдоо көрсөтпөй турганын айтат:

– Биз «Русский Образ» менен айрым долбоорлорду ишке ашырганбыз. Сербияга, Косового бирге барганбыз. Алар мага мыйзамсыз миграция жана экономикалык кылмыштар боюнча мыйзамдык демилгелер менен келишкен. Болгону ошол, биз аларды колдойт деген күлкү келээрлик курулай сөз.

«Русский Образдын» маалымат катчысы Евгений Валяев Ассошиэйтед Пресске уюм Мищенконун тобу менен бир нече жолу, анын ичинде ушул айдын башында Москвада өткөн ашкере улутчулдардын жүрүшүн уюштурууда кызматташкандыгын билдирди.

Орусияда канча антифашист бар экенин айтуу кыйын. Жек көрүүчүлүк кылмыштарын көзөмөлдөгөн «Сова» борборуна ылайык, алардын катары өсүп жатат, бирок саны жагынан он миңдеген мүчөсү бар экстремисттик улутчул уюмдарга караандабайт.

Иван Хуторской кесиби боюнча социалдык кызмат тармагынын адиси болгон, кээде адам укуктарын коргого адвокат Станислав Маркеловду коштоп, анын жан сакчы боло калчу. Маркеловду журналист Анастасия Бабурова менен январ айында атып кетишти. Азыр эми Хуторскойдун өзү жок.

«Адам укуктары үчүн» кыймылынын директору Лев Пономаревдин ишениминде, азыркы кырдаал үчүн жоопкерчилик биринчи кезекте улуттар аралык зордукчулукка көз жумду мамиле кылган, улутчулдарды колдоп, чет элдиктерди жек көрүүчүлүктү шыкактаган орус бийликтеринде:

– Бийликтер нацизмдин баш көтөрүшүнө каршылык көрсөткөндө, тиреш бүгүнкүдөй курчумак эмес. Бул маселеге бийликтер канчалык аз көңүл бурса, «Жаш Орусия» сыяктуу кремлчил топтор улутчулдук жана ксенофобия аркылуу ошончолук колдоо табат, аларга каршы күрөшкөн антифашисттик топтордо каршылык көрсөтүэ керек деген сезим ошончолук күч алат, анткени алар жалгыз калышууда.