Өкмөт электр энергиясына жана жылуулукка бааны көтөрдү. Бул энергетика ишканаларынын кызыкчылыгы үчүн эле жасалдыбы же башка тараптардын да кызыкчылыгы барбы?
Электр энергиясы жана жылуулукка баанын көтөрүлүшүнөн мурда бул тармакта өтө маанилүү өзгөрүүлөр болуп өткөн.
Тактап айтканда, өлкөнүн ири энергетикалык жана башка ишканаларынын жетекчилигине чет өлкөлүк MGN GROUPтун өкүлдөрү кирген. Маселен, бул компаниянын ээси Евгений Гуревич “Электр станциялар” акционердик коомунун директорлор кеңешине кирген. Дагы башкалары “Түндүкэлектро” жана башка компаниялардын директорлор кеңешине мүчө болгон.
MGN GROUP мындай мүмкүнчүлүккө Социалдык фонддун активдерин башкаруу укугуна ээ болуу менен жетишкен. Ал эми MGN GROUPка Соцфонддун активдерин өткөрүп берген Тажикан Калимбетова вице-премьер-министрликке көтөрүлүп кетти.
2006-жылы Соцфонддун акчалары “Өнөржайкурулушбанкынан” тез арада чыгарылып кетип, бул банкка улуттук банк аркылуу убактылуу башкаруу киргизилип, акыры бул банк “Азия универсалбанктын” кучагына кирген.
Соцфонддун активдерин башкарууга укук алуу менен MGN GROUP энергетика ишканаларынын директорлор кеңешине бирден өкүл киргизүүгө укук алган.
Бирок андан кийин Жогорку Кеңеш Өнүктүрүү фондуна стратегиялык ишканалардын акцияларын башкарууга уруксат берген мыйзам кабыл алган. Аны менен кошо Өнүктүрүү фонду Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикке баш ийе турган болуп чыкты.
Ошол эле учурда Өнүктүрүү фондунун активдерин башкаруу укугуна Гуревич башында турган MGN GROUP ээ. Мына ошентип үч бурчтук схема калыптанып бүттү. Анын башында Өнүктүрүү агенттиги менен Максим Бакиев турат, ал эми эки капталдын бир жагында MGN GROUP, экинчи жагында Өнүктүрүү фонду жайгашкан.
Ошондуктан электр кубатына бааларды көтөрүү, энергетикалык, стратегиялык ишканалардын акцияларын Өнүктүрүү фондуна берүү бир иштин чынжыры болушу ыктымал . Натыйжада, бул кымбаттоолор Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттикке жана анын өнөктөштөрүнө көбүрөөк каражат топтоп берүү аракети эмеспи деген суроолор жаралууда.
Саясат таануучу Жолборс Жоробеков болсо жумурткадан кыр издебөөгө чакырат:
- Жумурткадан кыр чыгарып, анан кийин Өнүктүрүү фонду менен бириктирип, анан кийин акчаны бир жерге чогултуп алат, анан энергетика бирөөлөрдүн колуна өтүп кетет дегендерди өтө этят кылыш керек. Менин оюмча, бул жерден жумурткадан кыр чыгаруунун кажети жок. Чындыгында бардык жерлер чириген, бардыгы жаңылоону талап кылат. Анан акча жок болсо кымбатталат да.
Мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакиров Өнүктүрүү фондуна кайсы ишканалардын акциялары берүү боюнча өкмөт чечим кабыл ала элек дейт:
- Мурдагы мыйзам боюнча бир гана Мамлекеттик мүлк комитети мамлекеттин атынан акцияларды кармап, башкара алчу. Азыр бизден башка Өнүктүрүү фондуна да укук берилди. Бизге кайсынысын берет, Өнүктүрүү фондусуна кайсынысын берерин өкмөт карап чечиш керек. Менин билишимче, өкмөт бүгүнкү күндө бул маселени карай элек.
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “энергобарондор” Кыргызстандын энергетикасын эле эмес, бардык саясатын башкарып калды деген пикирде:
- Мен ал күчтөрдү "энергобарондор" деп атагам. "Энергобарондор2 биздин өлкөдөгү конституциялык реформаны өз көзөмөлүндө жүргүздү. Шайлоолорду каалагандай өткөрдү. Албетте, мурун жашыруун болушса, бүгүн ачыктан-ачык келип бийлеп олтурушат. Эгерде элдин менчиги жеке адамга - чет элдикке өткөндө ал жерге ачыктан-ачык башка тилде сүйлөгөн, түшкөн акчаны бул жерге эмес, ошол чет элге алып кеткен жаңы кожоюндар келет.
Өмүрбек Текебаев азыркы социалисттер энергетика, коммуникация сыяктуу эл үчүн керектүү тармактар жалпы коомчулук үчүн кызмат кылып, жеке адамдардын баюусу үчүн кызмат кылбасын жактаарын, азыркы бийлик тескерисинче кетип баратканын кошумчалады.