Алишер Саиповду ким өлтүргөн?

Алишер Саипов чыгарган "Сиёсат" гезити өзбек бийлиги үчүн коркунучтуу "куралга" айланган.

Кыргызстандын ички иштер министри М. Конгантиев президент К.Бакиев менен жолугушканда Алишер Саиповдун өлүмү боюнча иш сотко өткөнүн билдирди.
Кыргызстандык көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун киши колдуу болуп каза тапканына эки жылга аяк басты. Аны 2007-жылдын октябрь айында Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде белгисиз бирөөлөр атып өлтүрүшкөн. Журналисттин өлүмү анын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырылып, ушуга чейин кылмыштын бети ачылбай келген.

Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев президент Бакиев менен жолугушканда бул кылмыш ишти иликтөө аягына чыгып, эми иш сотко берилгендиги тууралуу билдирди.

Журналист Саипов Ош шаарында өзбек тилиндеги "Сиёсат" (Politics) деген менчик гезитти 2007-жылдын башынан тарта чыгарган. Бир миң нускадагы гезит кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу жашыруун өткөрүлүп, өзбекстандыктарга жете баштаган. Алишер Саипов өлтүрүлгөндө, башкача айтканда жети-сегиз айдын ичинде гезит нускасы беш миңге жетип, коңшу өзбек бийлиги үчүн коркунучтуу "куралга" айланган.

Алишер Саипов Өзбекстандагы репрессивдик бийликти сындаган макалалары үчүн расмий Ташкендин каарына калганын жана анын өлүмүнүн артында Өзбекстандын жашыруун кызматы турат деген ишенимин журналисттин кесиптештери, бир топ серепчилер айтып чыгышкан.

Белгисиз бирөөлөрдүн огунан каза тапкан Саиповдун өлүмүн иликтөөдө ар кыл божомолдор пайда болгон. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги журналисттин өлүмүнө анын террористтик делген Өзбекстандын Ислам кыймылы, Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" партиясы менен байланышы себеп болгондугу тууралуу билдирүү тараткан.

Ал эми Саиповдун жакындары, бир катар бей өкмөт уюмдардан тарта абройлуу эл аралык уюмдар журналисттин өлүмү анын кесиби менен түздөн-түз байланышта экенин жана кыргыз өкмөтү бул каргашалуу окуяны кылдат изилдеп, кылмыштын бети ачылаарына үмүттөрүн билдиришкен.

Саипов - эң алгач журналист, ал өз кесибинине чындап кызыккан жана түрдүү тараптар, адамдар менен байланышы болгон. Бул анын кесиптик зарылчылыгы болчу” дейт журналист менен кызматташкан, АКШдагы Жорж Мэйсон Университетинин профессору Эрик МакГлинчи:- Алишердин "Хизб ут-Тахрир", башка дагы диний топтор менен байланышы бар болчу. Экинчи жагынан караганда, эгер бирөөнүн мындай байланыштары болсо, ошон үчүн өлтүрүлдү деген такыр болбогон нерсе. Ал экөөбүз изилдөө учурунда Исламды турдүүчө тутунган өзбектер, кыргыздар, "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөлөрү менен жолугушканбыз. Мени таң катырган нерсе - ага Исламдын ичиндеги бардык кыймылдар жакшы мамиле кылчу. Жергиликтүү бийлик менен дагы жакшы мамиледе болчу."

2007- жылдын декабрь айында Кыргыстандын милициясы Саиповду өлтүргөн эки адамдын сүрөтүн тараткан. Спорт кийимчен эки адамдын сүрөтүн окуя болгон алыс эмес жерде жергиликтүү адамдар чөнтөк телефонго тартып алышкан жана кийинчерээк ал сүрөттөрдү күбөлөр да тастыкташкан. Расмий билдирүүдө сүрөттөгү шектүү делген эки адам Кыргыстандын жарандары эмес экени да айтылган.

Ушул жылдын апрель айында Кыргызстандын укук коргоо органдары Саиповго ок атылган курал табылганын, ал болсо февраль айында Баткен облусунда кармалган маң заттарын ташыган кишиден алынганын жарыялаган. 6-августта Кыргызстандын ИИМ министри Молдомуса Конгантиев президент Бакиев менен жолугушканда бул кылмыш ишти иликтөө аягына чыгып, эми иш сотко жөнөтүлгөндүгү тууралуу билдирди.

"Азаттык" үналгысына ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов мындай маалымат билдирди:

"Ал [кармалган киши] Кыргызстандын атуулу, аны кармаганда Макаров тапанчасы алынган. Ал куралдан 2007-жылдын 24-октябрында Алишер Саипов өлтүрүлгөн. Мындан сырткары андан 16 киллограмдан ашуун маң зат алынган. Бир канча иликтөө амалдары жүргүзүлдү, анын ичинде баллистикалык экспертиза да баарын тастыктады. Андан соң иш сотко берилди, азыр Ош шаардык соту ишти карайт".

Көз карандысыз журналисттин өмүрү 26-жашында кыйылып, артында наристе кызы менен жубайы калды. Алишер Саиповдун аты Вашингтондогу "Ньюс Музеймдин" дүйнө жүзүндө кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү тактысына жазылган.