Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Кыргызстан кектөөлөр менен чектөөлөр чеңгелинде


АКШнын Мамлекеттик департаменти адам эркиндиктери жана укуктарын коргоо жаатында өткөн жылдагы дүйнөдө болгон абалды иликтеген отчетун жарыялады. Кыргызстанга арналган бөлүгүндө оппозициянын жана жарандык коомдун ишмерлери кысымга алынып, эркин басма сөз олчойгон акчалай айыпка жыгылып жабылып жатканы, эркин жыйындарды өткөрүүгө мурда болуп көрбөгөндөй тоскоолдуктар жасалып, дин эркиндиги чектөөгө алына баштагандыгы жөнүндө толгон-токой фактылар келтирилген.

Отчетто төрт жыл мурда эл көтөрүлүп чыгып бийликти алмаштырган өлкөдө адам эркиндиктери менен укуктарынын сакталыш жаатында кырдаал кыйла кыйындап кеткендиги айтылат. Кайсыл жагынан караба, адам укуктарын басмырлоонун кейиштүү көрүнүштөрүнөн бир да тармак кур эмес.

Кыргызстанда жыйындарды, митинг, пикеттерди өткөрүү барган сайын кыйындап калганы, өз укугун коргоо үчүн көчөгө чыккандар бийликтин адамдары тарабынан дароо камакка алынып, соттолоору, түрмөлөрдөгү абалдын оордугу, балдардын, аялдардын укуктары тебеленээри, соттордун бийликке катуу көз карандылыгы, шайлоолордун эркин өтпөй калганы тууралуу фактылар кенен жазылган. Саясий эркиндиктер менен катар эле адамдардын дин эркиндиги дагы чектелип жатканы мисалдар менен талдоого алынган.

Өткөн жылы бейдарек жоголуп алиге табылбай аткан парламент депутаты Руслан Шаботоевдин окуясында да саясий себептер каңкууланып, ачыкталбай атканы сөз болот.

Алишер Саипов
Журналисттердин кесиби Кыргызстанда жыл өткөн сайын кооптуу жана коркунучтуу болуп баратканы 2007-жылы Ош шаарында атылып өлтүрүлгөн журналист Алишер Саиповдун окуясынан айкын көрүнүп турат. Бийликтеги адамдардын мыйзамсыз иштерин сындап жазган гезиттер мойнуна олчойгон акчалай айып салынып жабылууга дуушар болууда.

Чолпон Орозобекова
Өткөн жылы соттук дооматтар менен бир миллион сомдон айыпка жыгылып, “Де факто” жана “Алиби” гезиттери ишин токтотту. “Де факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова жолдошу менен бийлик кысымынан улам чет өлкөдөн баш калка издешке мажбур болду.

Кыргызстандагы "Журналисттер" уюмунун жетекчиси Марат Токоевдин айтымында, бийликтеги адамдардын куугунтугунан улам бөтөн жакка качып кетүү тагдыры соңку жылдары беш журналисттин башына түшкөн.

Өткөн жылы көз каранды эмес булак болуп таанылган «Азаттык» үналгысынын берүүлөрүн улуттук канал аркылуу элге жеткирүү да токтотулду. Кылым шамы бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдрасулова Ак үйдүн башкаруусунда турган Улуттук сыналгы корпорациясы бийликтин тапшырмасын аткарып «Азаттыктын» уктурууларына обого чыгарбай калды деп эсептейт:

- Азыр болсо таптакыр чындыкты чагылдыра турган ММКлар жок болуп калды радио тарабынан дагы, теле тарабынан дагы. Кимдир бирөөнүн жеке менчигиндеги, же мамлекеттик көзөмөлүндөгү, цензурасындагы ММКлар болуп калды. Азыркы отурган бийлик ошол 2005-жылдагы “Азаттыктын” ордун, ролун жакшы түшүнгөндүктөн, ошол 2005-жыл кайталанып кетпесин деп коркуп, “Азаттыкты” Акаевдей кеч эмес, эртелеп обого чыгарбай койду.

Бийлик өкүлдөрү өз кезегинде адам укуктары басмырланып жатат, эркин басма сөзгө кысым күчөдү деген эл аралык уюмдардын тынчсызданган билдирүүлөрүн негизсиз сын катары четке кагып келет. Соңку мисал, президент Курманбек Бакиев 11-февралда маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда маалымат каражаттарынын эркиндиги кенен, бирок жоопкерчилиги жок болуп жатат деген жообун айткан болчу.

"Сөз эркиндиги начар же сөз эркиндиги жок деп айткандарга мен кошула албайм. Өзүнөр жакшы билесиңер, бизде эмне гана деп айтышпайт, эмне гана деп жазышпайт. Бирок сөз эркиндиги бар деп эле мен жанымда отурганды ар кандай сөздөр менен тилдей берсем, анын деле жаны бар да, ал деле бирдеме дейт да, туурабы?
"-деп айткан эле президент К.Бакиев.

Жаңы жылдан тарта Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоого астыртан камылга көрүлө баштады. Шайлоо быйыл күздө өтөбү же келерки жылы жазда болобу, ал жагын Конституциялык Сот карап жатат. Оппозициялык күчтөр, жарандык коом өкүлдөрү жана массалык маалымдоо каражаттары шайлоо алдында аларга бийликтин кысымы дагы күчөшү мүмкүн деген терең кабатырлануу менен турушат. Өткөн жылы күздө президенттин баласынын кысмагына чыдабай Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы өлкөдөн качып кеткен.

XS
SM
MD
LG