Сыр-Дайрасынын суусу ичкенге да жарабайт

Таза сууну балдар айылга алыстан ташып келишет

Kазакстандын түштүгүндөгү Кызыл-Ордо дубанында суу ушунча булганч болгондуктан бийлик өкүлдөрү аны ичүүгө жарабай тургандыгын эскертишти. Соңку изилдөөдөн улам, Борбор Азиядагы эң узун өзөнүнүн суусун сугатка да колдонууга болбой тургандыгы айгине болууда.
Сыр-дайранын суусу менен сугарылган күрүчтөн рак оорусу пайда болот, аны ичкен энелердин сүтү менен уу ымыркайга өтөт, миңдеген жылдар адам баласы байырлаган Сыр-Дайра ошону менен жашоого зыяндуу суунун булагы болуп калды

Казакстанда дайранын суусун текшерген мамлекеттик экологдор 26-мартта Алматыда өткөн жыйында мына ушундай эскертүү жасашты.

Изилдөөнүн жыйынтыгын Арал-Сыр-дайра Экология бөлүмүнүн жетекчиси Оразгул Жунусова Азаттыктын казак кызматына мындайча түкшүмөлдөдү:

– Биз аба-ырайына карабай, жайы-кышы айына бир маал суунун сапатын текшеребиз. Соңку текшерүү суудагы зыяндуу заттар март айында нормадан 1.3 эсе жогору экендигин көрсөттү. Өзбекстандан келгенде эле суу булганып келет.

Ал эми Кызыл-Ордо дубанынын мамлекеттик суу бөлүмүнүн директорунун орун басары Бигеш Жакып жергиликтүү калк сууну тазалоо үчүн колдон келген аракетин жасап жаткандыгын, бирок 10догон жылдардан берки калпыстыктардын кесепетин жоюу кыйын болуп жаткандыгын билдирди:

– Кызыл-Ордо дубанында биз күрүч, башка дан эгиндерин өстүрүүгө 3-3.3 миллиард куб метр суу коротобуз. 1990-жылдардан бери эле ушул көлөмдө суу алабыз. Сууну азыр биз мурдагыга караганда жакшыраак тазалап калдык. Советтик доордо Сыр-дайранын боюнда сугат талаалары, айрыкча пахта плантациясы көп болчу. Ал кезде айыл-чарба таштандылары бүт сууга ташталчу. Азыр бул азайды. Анткени мурда жер семирткичтерди жана башка химикаттарды колхоз-совхоздор бекер колдончу, азыр дыйкандар аларды өздөрү сатып алышат (ошондуктан азыраак колдонууга мажбур).

Суу тазарган күндө да, анын көлөмү көбөйөбү деген маселе турат. Мурда Арал деңизине куйган Сыр-дайра тайыздап кеткендиктен, суусу деңизге жетпей эле соолуп калат.

Ушундан улам Кызыл-Ордонун тургуну Сонаркыз «Суу аз болсо, биздин талаалар менен бакчалар куурап калат», деп сарсана.

Борбор Азияда бир гана Казакстан дан экпорттоору маалым, бирок былтыр өлкө мындай экспортко тыю салууга мажбур болгон.

Алматыдагы конференцияда Казакстандын Практикалык экология агенттигинин директорунун орун басары Малик Бурлибаев Кызыл-Ордонун аймагында ички органдардын рагы Казакстандагы эң жогорку чекке жеткендигин белгилеп, кырдаалды оңдоого эл аралык аракеттер зарыл деп айтты. Бирок азырынча Борбор Азияда өлкөлөр орток көйгөйлөрдү ынтымакташып чечүүнүн иштиктүү формуласын таба албай келатат.