БТАнын директорлор кеңешинин төрагасы Мухтар Аблязов 2002-жылы алты жылга кесиилип, бир жылга жетпей, саясатка эч аралашпайм деп касам ичкенден кийин бошотулган. Ушул жумада аны өкмөт эмне себептен жеке менчик банктын директорлор кеңешинин жетекчилигинен бошоткону анчейин түшүнүксүз.
Өкмөт башчысы Карим Масимов "БТАнын жетекчилиги банкта акча кармагандар менен ага карыз бергендердин кызыкчылыгына шайкеш келбеген, учурдагы мыйзамдын талаптарына жооп бербеген аракеттерге жол берди" деп ырастады.
БТАга мамлекеттин көзөмөлүндөгү "СамрукКазына" деп аталган кор аркылуу 1 миллиард 62 миллион евро бөлүнмөкчү. Мунун акысына өкмөт банктагы өз үлүшүн 78 пайызга көбөйтөт.
Мухтар Аблязов бул кадамдарды банктын акция кармоочуларын, жетекчилигин, шериктерин жана кардарларын көзгө илбеген "өкмөттүк кол салуу" деп айыптады.
Аблязовдун банктан четтетилиши бир чети күтүлбөгөн окуя болуп калды. Өткөн айда эле ал президент Назарбаев менен жолугушуп, кийин "Казакстандын финансылык тармагындагы жалпы кырдаал туруктуу эле, мамлекет бөлүп жаткан акча өлкөдөгү экономикалык кырдаалга оң таасир тийгизет" деп айткан болчу.
Ошол эле мезгилде эл арасында Аблязов оппозицияны жана оппозициячыл маанайдагы маалымат каражаттарын колдоону улантып жатат деген күбүр-шыбыр кеп токтогон эмес. Анын күтүлбөгөн жерден кетишине ушул кептер шыкакчы болду окшойт.
Зауреш Баталова – оппозиция жетекчилеринин бири, экс-депутат. Ал БТАда жетекчиликтин алмашышын саясий жана экономикалык себептерден көрөт:
- Өлкөдө кризис менен өкмөт күрөшө албай калды. Азыр ал биздин турмуш шартыбызды жакшыртуунун ордуна, өз акцияларын жана инвестицияларын сактап калуунун алапайын таппай жатат. Азыр өлкөдө мүлктү кайра бөлүштүрүү жүрүп жатат.
Өлкөдөгү эң ири жеке менчик банкты өз карамагына өткөрүп алып жатканда өкмөт ошондой эле Орусиянын мамлекеттик Сбербанкы менен БТАга кошумчка капитал салууну салуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүп жаткандыгын жарыялаган.
Аблязовдун ордуна БТАнын директорлор кеңешинин мүчөсү Арман Дунаев дайындалды. Ал эми Казакстандын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Анвар Сайденов Дунаевдин атайын кеңешчиси болуп калды.
Казакстандын өкмөтү глобалдык кризиске байланыштуу экономиканы коргоого 15 миллиард доллар бөлүүгө убада кылган. Бул сумма Казакстандын 2000-жылы түзүлгөн Улуттук корундагы 51 миллиард доллардын үчтөн бирине жакынын түзөт.
Глобалдык кризистин шартында банктар кайра насыя бере башташы үчүн өкмөттөр аларга атайын акча бөлүүгө мажбур болууда. Ушундан улам Казакстанда үстүбүздөгү аптада өлкөдөгү эң ири жеке менчик банктын акцияларынын көпчүлүгүн өкмөттүн өзүнө алышында эч кандай өзгөчөлүк деле жоктой көрүнөт. Бирок оппозицияга жан тартат деп шектелген банктын эми мурдагы башчысы өкмөттү банкка кол салды деп айыптоодо.