Россиянын дагы бир амалы, же Борбор Азия үчүн күрөш

Жамааттык коопсуздук келишими уюму - ЖККУга мүчө өлкөлөрдө оперативдүү жайгаштырылчу күчтөрү болот. Мындай келишимге уюмга мүчө жети өлкө лидерлери шаршемби күнү Москвада кол коюшту.

Жамааттык коопсуздук келишими уюму- ЖККУнун шаршемби күнкү жыйынында жаңы кошуунду түзүүнүн зарылдыгын Россия президенти Дмитрий Медведев мындайча түшүндүрдү:

-Биз бүгүнкү кезексиз жыйындын негизги темасы- ЖККУнун түрдүү коркунучтарга жана капылеттерге каршы турчу жамааттык коопсуздук күчүнүн механизми жөнүндө узак талкууладык. Жыйын катышуучулары жамааттык кошуунду түзүү боюнча долбоорго жана тийиштүү чечим чыгарганга макулдук беришти.

Келишим уюм мүчөлөрүн жаңы кошуун үчүн бирден батальон берүүгө милдеттендирет. Маалыматтарга караганда, жаңы аскерий кошуун Россияда жайгаштырылып, «түрдүү коркунучтарга жана капылеттерге» каршы күрөшүү үчүн пайдаланылат.

Макулдашуу боюнча, уюм мүчөлөрү: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Россия жаңы түзүлчү аскерий кошуунга бирден батальон берүүсү шарт. Өзбек аскерлери, президент Каримовдун сөзүнө караганда, ушу тапта "аймактагы маң аткезчилигине жана башка глобалдык проблемаларга каршы операцияларга гана" катышууга даяр.

Президент Медведевдин билдиришинче, Оперативдүү жайгаштырылчу жамааттык күчтөр ушу сыяктуу НАТОнун бөлүктөрүнөн кем болбош керек. ЖККУнун тез аракетенчү күчтөрүнө кирген улуттук аскерлер өз өлкөсүндө жайгашса, жаңы түзүлчү кошуун Россиядан конуш алат.

Жамааттык жаңы кошуунду түзүүнү, Москвадагы "Карнеги" корунун талдоочусу Алексей Малашенко, Москванын экс-советтик аймактардагы таасирин бекемдөө аракети деп баалады:

- ЖККУ, жалпылап айтканда, Россия үчүн аймакты көзөмөлдөөнүн саясый механизми. Аны Россия уюм мүчөлөрүнө каруу жаракты ички баа менен сатып, өз чөнтөгүнөн каржылайт. ЖККУ Абхазияда жана Грузиянын чекарасында НАТОго каршы согушпайт. Ал, кокус ислам ынкылабы болсо, бир да президентти коргобойт.

Россия Жамааттык коопсуздук уюмуна мүчө өлкөлөрдү дагы бир оперативдүү башкарылчу кошуун түзүүгө макулдатып, АКШнын Борбор Азиядагы таасири чектөө аракетин кылууда деп тыянак кылат Нью- Йоркто чыкчу "The Wall Street Journal" гезити.

"Euroasia View" басылмасы Россия жетектеген тез жайгаштырылчу күчтөрдү түзүү жөнүндө чечим - Кыргызстан америкалык авиабаза жабылат деп жарыяланар замат кабыл алынганын кокустук эмес деп санайт. Мунун баары Ооганстанды тышкы саясатта биринчи орунга койгон Барак Обама үчүн чоң чакырык, деп жазат эки басылма тең (The Wall Street Journal, Euroasia View).

Бул эки окуя, Франс Пресс агенттигинин баамдашынча, Россия региондогу үстөмдүгүн калыбына келтирүүдө олуттуу жеңишке жеткенин күбөлөйт.